Пятница, 26 апреля

Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев ИИМге суракка чакырылды

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу  аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иш боюнча күбө катары суракка чакырылды.

Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо добуш берүү процессинин бузулушунан улам жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу борбор калаада 5-6-октябрь күндөрү башаламандык болгон. Митинг массалык башаламандыкка жетип, 626 милиция кызматкери жабыркаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз