Мурдагы күнү Кант шаарынын жанындагы айланма жолдо 9 кишини алып бара жаткан “Хонда степвагон” унаасы кырсыкка кабылып, натыйжада 6 киши курман болгон. “Степвагондун” кырсыкка учураган видеосу жарыкка чыкты. Жүк ташуучу “Камаз” унаасынан буйтап өтүүгө аракет кылган “Степвагон” бетонго урунган. Видеодон унаанын чачырап кеткенин көрүүгө болот.