Пятница, 27 ноября

Сутка ичинде вирус 386 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 386 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 119, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 118, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 27 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 427 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 91, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 81, Ош облусунда – 55, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 85, Баткен облусунда – 66 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 68 миң 702 адам коронавируска кабылса, 59 миң 789 киши айыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз