Четверг, 25 апреля

Айыл чарба продуктыларынын айрымдарын чыгарууга тыюу салынды

0

Азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө жана анын ичинде республиканын калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынан айыл-чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирликтин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтом кабыл алды.

Маалым болгондой, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жогорудагы чечимге келишкен.

Чечимге ылайык, көрсөтүлгөн тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилет жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт.

Аталган тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан эгиндерине, кумшекерге жана башка айыл чарба продукцияларына тиешелүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз