Воскресенье, 19 мая

БШК: Президенттикке талапкерлердин 48нин документи калды

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) кароосунда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз берген 65 адамдын 48инин документи калды. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, беш адам арызын өзүлөрү кайтарып алышты, ал эми 12 адамдын документтерин Боршайком кайтарып берди:

“Азыр банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоо этабы болуп жатат. Бул этап жана шайлоо күрөөсүн төгүү 3-декабрга чейин жүргүзүлөт. Калган жетишпеген документтеринин баарын 6-декабрды кошуп алганда БШКга берүү зарыл. Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүү этабын жүргүзүп, 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери жүргүзүлөт”.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз