Пятница, 22 ноября

Акыркы сутка ичинде коронавирус 304 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 304 адамдан табылып, 6 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 101 адамдан, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 19, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 72, Баткен облусунда 8 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 349 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 6 адам каза болгон: Бишкекте – 2 адам, Талас облусунда – 1, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 3 миң 96 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 648 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Стационарлардан 3, үй шартынан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 815 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 545 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 69 миң 885 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 61 миң 160 киши айыгып чыкса, 1 миң 237 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз