Воскресенье, 24 ноября

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы кол топтоо үчүн портал түзүлдү

0

Активисттер Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы кол топтоо үчүн портал түзүштү. (https://stop-referendum-kg.com/). Алар Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы жарым миллион кол топтоону пландап жатышат.

Долбоордун координатору Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, учурда Кыргызстанда change.org сайты бөгөттөлгөн жана бул сайтта кайрылуу түзүү мүмкүн эмес.

“Биз мындай кайрылуунун эч кандай юридикалык күчү жок экендигин түшүнөбүз, бирок ушундай жол менен канча адамдын макул эместигин көрсөтөбүз” – деди ал.

Юристтер тобу бул демилгени ар бир адам өз оюн билдириши үчүн колдоого чакырат.

Алар ошондой эле Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү алып салууга жана анын ордуна эл аралык өнөктөштөр менен байланышуу сыяктуу башка курч маселелерди чечүүгө чакырышууда.

Өлкөдөгү социалдык жана экономикалык теңсиздик менен күрөшүүгө басым жасоо керек. Тескерисинче, алар конституциялык өзгөртүүлөрдү манипуляциялоону улантышууда.

“Жамандыктын тамыры Конституцияда эмес, жөн гана иштөө керек. Ошол эле учурда адамдарды күч менен кармабай, миграциялык агымды азайтуу үчүн экономикалык шарттарды түзүп бергиле”, – деди Эргешбаева.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз