Суббота, 4 мая

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын жетекчилигине Мелис Тургунбаев келди

0

«Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын төрагасы болуп Тургунбаев Мелис Жусупжанович дайындалды. Мындай чечимди 20-ноябрда директорлор кеңеши кабыл алган.

М.Тургунбаев 2017-жылдан бери «Кыргызнефтегаз» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы болчу. Ал эми 2013-2017-жылдары директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Ошондон бери көптөгөн мекеме-ишканаларда да жетекчилер алмашууда. Президенттин милдетин убактылуу аткарган Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз