Пятница, 22 ноября

Конституция жөнүндө мыйзам долбооруна экспертиза жүргүзүү үчүн атайын топ түзүлдү

0

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүш үчүн атайын топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов 24-ноябрда кол койду.

Лингвистикалык эксперттик топтун курамы:

— Султанбаев Абдыкадыр Дарданович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын лингвистикалык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, эксперттик топтун жетекчиси;

— Абдыжапар уулу Мундузбек — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы;

— Абдысадыр уулу Азат — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;

— Абыкеев Чолпонбек Абыкеевич — жазуучу-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Досалиев Турсунияз Акматжанович — лингвист-котормочу;

— Ишекеев Назаркул Ишекеевич — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

— Койчубакова Айнура Кеңешовна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— Маразыков Турусбек Сейдакматович — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

— Медералиев Жумабек Асекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы;

— Сейдалиев Канатбек Шакирович — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси;

— Сооронкулов Гүлжигит Умарович — филология илимдеринин доктору, профессор, лингвист-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Тагаев Мамед Жакыпович — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз