Пятница, 19 апреля

Ооганстандагы согуштун кесепетинен 26000ден ашуун бала каза болду же майып болуп калды

0

Ооганстандагы согушка байланыштуу 2005-2019-жылдар аралыгында 26000ден ашуун бала каза болду же майып болду деп кабарланды.

Балдарды коргоо фонду (Save the Children), Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Ооганстан жана Финляндия тарабынан уюштурулган 2020-жыл Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда донор өлкөлөрдү афгандык балдардын келечегин коргоого чакырды.

Отчетто Ооганстандагы согуштун айынан 2005-жылдан 2019-жылга чейин күнүнө орто эсеп менен 5тен, 26 миң 25 бала каза болуп же майып бойдон калганы белгиленди.

Ооганстан балдар үчүн эң кооптуу 11 мамлекеттин катарына кирет деп айтылган отчетто, согуш уланып жаткан бардык жерлерге салыштырмалуу Ооганстанда эң көп балдардын каза болгону же майып болуп калганы баса белгиленди.

Балдарды коргоо фондунун Ооганстандагы директору Крис Няманди: «Тынымсыз күнүгө, балаңыздын жанкечтилик кол салуусунан же абадан кол салуудан өлүп калат деп коркуп жашап жатканыңызды элестетип көрүңүз. Бул, балдары каза болгон же жаракат алган он миңдеген оогандык ата-энелер үчүн катаал чындык»,-деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз