Бүгүн, 25-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын 378 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар: Бишкек шаарынан – 80, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 111, Ош облусунан – 45, Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 54, Баткен облусунан – 28, Нарын облусунан – 28 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 70 744 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 455 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 62 048ге жетти.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам каза болду. Бишкек шаарынан – 2, Талас облусунан -1, Баткен облусунан – 1. Каза болгондордун жалпы саны 1245ке жетти.