Суббота, 20 апреля

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Талапкер болуп катталгандардын саны 47 адамды түздү

0

 

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Бүгүнкү күнгө карата президенттик шайлоого катышуучулардын саны 47 адамды түздү.

Жалпысынан 65 арыз түшкөн, алардын бирөө партиядан, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. 30у коммерциялык эмес уюмдарда иштегендер, 24ү убактылуу жумушсуздар, бешөө мамлекеттик органдарда иштегендер, үчөө Жогорку Кеңештин депутаты, үчөө пенсионер болчу.

Талапкер болууну каалаган тогуз адамдын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаты жок болгондугуна жана үч адамдын соттуулугу жоюла электигие байланыштуу 19-ноябрда БШКсы 12 адамдын документтерин кайра кайтарып берген.

Мындан тышкары, алты адам шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартты.

Шайлоого катышуучу 47 талапкерге эми банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толуктоого 6-декабрга чейин убакыт берилет. Андан соң Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүү этабын жүргүзүп, 14-декабрды кошкондо каттоо мөөнөтүн аяктайт жана 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат.

Кыргызстандагы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январында өткөрүү белгиленген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз