Суббота, 20 апреля

Аламүдүн районун Атамбаев району кылып өзгөртүү сунушталды

0

Маалымат булактарына караганда Төлөн аттуу жергиликтүү жаран Аламүдүн районун Атамбаев району кылып өзгөртүүнү сунуштады. Ал эмне үчүн мындай пикирге келгендигинин чоо-жайын түшүндүрдү. Анын айтымында Атамбаевдин президенттиги тушунда, 2010-жылдардан баштап район өтө тездик менен өстү: эски жолдор оңдолуп жана жаңылары жасалды, айыл таза суу менен камсыздандырылды, мектептер курулду.

“Атамбаев эртели-кеч акталып, абактан чыгат. Мына көрөсүңөр, тарых бардык нерсени өз ордуна коет, анын кылган жакшы иштерин да көрүшүбүз керек да, туурабы? Ошон үчүн менин сунушумду колдооңуздарды суранаар элем. Биз бүтүндөй Чүй областынын атын өзгөртүүнү суранбай эле турабыз. Сөз экс-президенттин кичи мекени тууралуу болуп жатат”.

Төлөн мырзанын пикири боюнча Алмазбек Атамбаевдин аты коюлса, район мындан ары да өнүгүп, чет жактан инвестициялар тартылып, Орусиянын колдоосуна ээ болушмак.

Ошондуктан бул олуттуу маселени чечүү керек дейт Аламүдүн районунун тарыхый атын өзгөртүүнү каалаган демилгечи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз