Среда, 17 апреля

Легендарлуу футболчу Диего Марадонанын өлүмүнүн чоо-жайы

0

Легендарлуу футболчу Диего Марадона жүрөк кемтигинен каза болгон. Бул тууралуу орус басылмасы РИА новости жазды.

Маалыматта өмүрүнүн акыркы сааттарында ал өзүн начар сезип жатканын айтып, өңү кубарып калганы айтылат.

Футболчу Буэнос-Айрес шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Тигре шаарында жашап жаткан. Кечээ эртең менен ойгонгондо абалы жакшы эмес экенин айткан.

“Ал үйүндө операциядан кийин калыбына келүү курсунан өтүп жаткан. Турары менен бир аз тамактанып, андан соң кайрадан жаткысы келгенин айткан. Ал убакта жанында тууганы, психолог, психиатр жана бир медик болгон. Алар Тез жардам чакырып, бирок дарыгерлер келгенде футболчу дем ала албай калган”, — деп айтылат кабарда.
Маалыматка караганда, алты автоунаа менен келген Тез жардамдын кызматкерлери спортчуну сактап калууга аракет кылышкан, бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес.

Кийин медиктер анын өлүмүнө жүрөк кемтиги жана өпкөсүнүн шишип кетиши себеп болгонун айтышты.

Эске салсак, 25-ноябрь күнү футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз