2021-2024-жылдарга карата Ооганстанды калыбына келтирүүгө Жапон өкмөтү 720 млн АКШ доллары бөлөт.
Бул тууралуу Жапониянын тышкы иштер министри Мотэги Тосимицу жакында Женевада өткөн “2020-жылда Ооганстан” Эл аралык конференциянын жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирген.
Тосимицу Токионун Ооган өкмөтүнө жана элине колдоо көрсөтүүсү улантылаарын баса белгиледи.
Министрдин айтуусунда Ооган өкмөтү көрсөтүлгөн мөөнөттө жыл сайын 180 млн доллардан алып турат.
Мындан сырткары Тосимицу Ооган бийлиги жана “Талибан” кыймылынын өз ара ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрү туруктуу деңгээлге жетишет деп ишенээрин билдирди.
“Жапония сүйлөшүүлөрдү илгерилетүү үчүн эки тарапты тең ок атууну токтотууга чакырат. Биз сүйлөшүүлөрдүн бекем жана туруктуу тынчтыкка алып келишине толук ишенебиз” – деп кошумчалады жапон дипломатиясынын башчысы.