Четверг, 25 апреля

Кыргызстанда дары-дармек запасы жетиштүүбү?

0

КР Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева, учурда саламаттыкты сактоо уюмдарында жана мекемелеринде 1-3 айга жетиштүү дары-дармектердин запасы бар экендигин белгиледи.

Анын айтымында, ММК фонду тарабынан 235 млн сомго дары-дармек сатылып алынган. Ошондой эле Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында дары-дармектер сатылып алынды. Дарылар муктаждыкка жараша аймактарга таркатылып берилип турат.

“Биздин өлкө импорттон көз каранды. Бардык дары-дармектер тыштан ташылып келет. Ошондуктан өзүм жеке фармкомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүм, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастарын өз көзүм менен көрүп келдим. Материалдык резервдер фонду тарабынан дагы 250 млн сомго дары-дармектер сатылып алынат. Айта кетчү сөз COVID боюнча дарылоо протоколдору дүйнө жүзүндө бирдей. Ошондуктан айрым дарылар боюнча тартыштык бар. Тагыраак айтканда, 14 позиция боюнча, бирок кампаларда алардын ордун алмаштырган (заменитель – дженерик) дарылар менен запастар толукталган”, – деп билдирди вице-премьер-министр Э. Сурабалдиева.

Дарыканалардагы дарылардын баасын көзөмөлгө алуу үчүн Республикалык штабдын чечими менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Жогоруда айтылгандай, коронавирусту дарылоочу дарылардын 98%ы ар түрдүү мамлекеттерден импорттолгондуктан, баасы ар башка болууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз