Четверг, 25 апреля

Конституциялык кеңешмеде президенттик шайлоону жылдыруу сунушталды

0

Бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык конференциянын жыйынында 10-январга белгиленген президенттик шайлоону жылдыруу сунушу айтылды. Мындай сунушту Мар Байжиев киргизди.

Анын айтымында, кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу изилдеп, өркүндөтүшү керек. Ал мүмкүн болгон кагылышуулардан жана чыр-чатактардан алыс болуу үчүн президенттик шайлоону жаңы Конституция кабыл алынганга чейин токтотууну сунуштады.

“Азыр шашылбашыбыз керек. Биринчиден, Конституцияны кабыл алабыз, андан кийин жаңы Конституция боюнча шайлоону өткөрөбүз, антпесе башаламандык болот”, – деди Байжиев.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган. Жарыялангандан кийин коомчулукта нааразычылыктар пайда болду. Жаңы долбоорга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейип, ал аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик башкарууга “Элдик курултай” деген жаңы институт киргизилет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз