Воскресенье, 5 мая

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди УКМКда тыңшоо маселеси боюнча иш козголду

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен адвокатынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө бөлмөсүндө өткөн жеке сүйлөшүүсүн тыңшоо маселеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын адвокаты Замир Жоошев 27-ноябрда билдирди.

Ал “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазганына караганда, ишти Аскер прокуратурасы 18-ноябрда Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде козгоду. Бул беренеде “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун” деп көрсөтүлгөн.

Жоошев Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурганда адвокат Слесарев менен болгон сүйлөшүүсү видеого жашыруун тартылып алынган диск колуна тийгенин 17-ноябрда кабарлап, ал дискти бир адам 6-ноябрга караган түндөгү башаламандык учурунда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн таап алып, адвокатка купуя сыр шартында өткөрүп бергенин маалымдаган. Адвокат бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын айткан.

УКМК тыңшоо тууралуу маалыматтарга азырынча комментарий бере элек.

Башкы прокуратурадан да сотко чейинки териштирүү башталганы жөнүндө расмий маалымат боло элек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз