Пятница, 10 мая

Бишкекте жаңы эко-автобустар каттай баштады

0

Бишкек мэриясы жана “Дордой” ассоциациясы экологиялык таза коомдук транспорту бар жаңы каттамды баштады. Бул тууралуу “Дордой” ассоциациясынын сайтында маалымдалды.

Дордой соода-базар комплекси менен Дордой азык-түлүк базарынын ортосунда трассада газ менен иштеген 15 жаңы автобус каттай баштады.

Мындан тышкары, сегиз автобусу бар 153 номериндеги дагы бир линияны ишке киргизүү пландаштырылууда.

“Дордой” ассоциациясынын президенти белгилегендей, жакын арада газ менен жүрүүчү автобустардын бардыгы башка линияларга чыгарылат жана ошону менен Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун жана маршруттардын жетишсиздиги боюнча айрым маселелер чечилет, ошондой эле абанын булганышына байланыштуу маселелерди жөнгө салуу аракети көрүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз