Пятница, 17 мая

АКШ орус жана кытай компанияларына санкция киргизди

0

АКШнын Мамлекеттик департаменти Иран, Түндүк Корея жана Сирияны куралсыздандыруу мыйзамына ылайык орус жана кытай компанияларына санкция жарыялады.

Эки өлкөдөн тең экиден компания Ирандын баллистикалык ракета системасына жаңы технологияларды жана шаймандарды берген деп айыпталды.

Өлкөлөрдөн Ирандын ракеталык иштерине колдоо көрсөтө турчу кандайдыр бир аракеттен алыс болуулары талап кылынды.

Билдирүүдө, Ирандын баллистикалык ракеталарды иштеп чыгуу аракеттеринин алдын алуу үчүн чет элдик камсыздоочуларга каршы санкциялардын улантылары кабарланды.

Санкциянын 2 жылды камтый тургандыгы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз