Пятница, 17 мая

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси “Манас” университетинин ректору менен жолугушту

0

2020-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин ректору проф. Алпарслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Ректор А.Жейлан Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде пландаштырылган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат берди. Тактап айтканда, жакынкы аралыкта Түркиядагы этникалык кыргыздарга кыргыз тарыхын жана маданиятын, кыргыз тилинде окууну жана жазууну үйрөтүү максатында үч айлык мөөнөткө Ван аймагынын Улуу Памир айылына “Манас” университетинин үч докторант студенттерин жиберүү пландаштырылып жатканын маалымдады.

Элчи К.Өмүралиев бул жаңылыкты өзгөчө канааттануу менен кабыл алып, көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Муну менен катар ректор А.Жейлан “Манас” Университетинин шаарчасында 3 дарыгерден жана 6 медайымдан турган медициналык пункттун ачылышы тууралуу кабарлап, анын базасында рентгендик башкаруу системасы иштей тургандыгын жана COVID-19 коронавирусун аныктоочу лаборатория ачуу пландаштырылып жаткандыгын маалымдады.

Өз кезегинде элчи К.Өмүралиев мындай долбоорлорду ишке ашыруунун, анын ичинде 2018-жылы Түркиянын президенти Р.Т.Эрдогандын расмий сапарынын учурунда имаратынын курулушу үчүн капсула коюлган “Манас” университетинде медицина факультетин ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы маданият, илим жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча макулдашышты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз