Пятница, 20 сентября

Токтогулда алтын таза суу менен чайкалат

0

Мындай маалымат ЖК депутаты Нурбек Тотонов Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда айтылды.
Жолугушууда Кара-Күңгөй айылындагы Узун-Акмат-1 алтын кен жайын иштетип жаткан “Кассана Минералс” ЖЧКсына байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү. Жергиликтүү эл аталган кендеги алтынды чайкоо маалында, ичүүчү жана сугат суу булганып жатканын жүйө келтиришти.
Депутат менен бирге барган Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү 75 гектар жерге чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2019-жылдын 6-февралына чейин уруксаты менен лицензия берилгенин ырасташты. Бирок,эч кандай химиялык заттардын кошулмасы жок эле таза суу аркылуу чайкалып алынарын билдиришти.
Белгилей кетсек,бул жерден 69 кг алтын өндүрүлөт деп аныкталган, бирок компания өткөн жылы 500 грамм гана казып алганын маалымдаган. Учурда иш токтоп турат. Муну менен тургундар алтын өндүргөн компания социалдык пакет маселесин чечип берсин деген дооматтарын айтышты. Бирок,адистер чакан кен болгондуктан андай мүмкүнчүлүктөр каралбай турганын,социалдык бир эки объектерди эл менен кеңешип курууга болорун кошумчалашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз