Пятница, 20 сентября

Бензинге биоэтанол кошулса, экологиялык көйгөй чечилет

0

18-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоору боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта биоэкономика доорунда энергияны жана материалдарды кайра жаӊылануучу чийки заттарды пайдаланган биотехнологияга негизделген экономикага кадам ташталууда. Биоэкономиканы өнүктүрүү менен абанын булганышын алдын алууга – парник эффектин жана башка уулуу заттарды чыгаруучу уулуу газдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биотун – термохимиялык же биологиялык ыкма менен биомассадан алына турган катуу, суюк же газ түрүндөгү отун. Бензинге 10% биоэтанолду кошуп пайдалануу менен уулуу заттардын газ болуп сыртка чыгышы 25%га, оксид көмүртегин (СО) 30%га чыгышын, газдарды сыртка чыгарууда катуу бөлүкчөлөрдүн курамын 50%га төмөндөтөт. Аталган газдар айрыкча дем алуу системасында оорусу бар балдар менен кары адамдардын ден соолугу үчүн зыяндуу.
Аткаруу бийлигинин алдын ала планы боюнча биоэталонду өндүрүүнү жылына 1,5 млн дал өндүрүш кубаттуулугу менен «Кара-Балта» спирт заводу мамлекеттик ишканасынын базасында ишке киргизүү сунушталат. Биоэтанолду өнүдүрүү технологиясынын минималдуу чыгымдар менен, орточо эсеп менен алганда, 140 млн сом өздөштүрүүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумуш орундарын сактап калууга (210 киши), 800 млн сомго өндүрүштү жогорулатууга, 100 млн сомдон ашык сумма салык төлөмдөрүнө түшүүсүнө өбөлгө болот. Бензинди республикага импорттоо 15 миӊ тоннага чейин кыскарат. Кыймылдаткычтардын иштетилген газдарды чыгаруусунда уулуу заттардын төмөндөшүнүнү негизинде экологиялык абал жакшырат.
Талкуу маалында жыйынга катышып отурган депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкөдө мунай, газ болбогондон кийин бул мыйзам долбоорун колдоо керектигин баса белгиледи. Ал эми комитет төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбоорунун концепциясында белгиленген өлкө бюджетине түшө турган каражат түшпөй калышы мүмкүндүгүнө жүйөлөрдү келтирүү менен биотун чыгара турган ишканаларга тыкыр көзөмөл болушу керектигин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз