Пятница, 17 мая

Мурдагы вице-премьер Тайыр Сарпашев суракка чакырылды

0

Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына мурда козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 30-ноябрда Тайырбек Сарпашев саат 17:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КРнын мурунку вице-премьер-министри Сарпашевге байланыштуу мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдирген. Мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлеп турганда, ал көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз