Пятница, 17 мая

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 380 адамдан табылды

0

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 380 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте — 137 киши, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 79, Ош облусунда — 18, Талас облусунда — 19, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 48, Баткен облусунда 27 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 360 адам айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 5 киши каза болгон: Бишкекте — 1 киши, Талас облусунда — 2, Чүй облусунда — 1, Ош облусунда — 1 адам.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 2 миң 833 бейтап, үй шартында 3 миң 772 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 45и канааттандырарлык абалда, 1 миң 942 киши — орточо оор, 733 адам — оор жана 113 киши өтө оор абалда”, — деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча17 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 6 чыгарылган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 910 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 599 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 72 миң 807ни түзөт. Алардын ичинен 64 миң 149 адам айыгып чыкты, 1 миң 271 киши каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз