Пятница, 17 мая

Сарпашев ээлик кылган 530 гектар жер мамлекетке кайтарылды

0

Сарпашев кечээ Финполго сурак бергенден кийин өз ыктыяры менен мурда жакын туугандарына ыйгарып берген жерлерин мамлекетке кайтарууга макул болгон.

Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Маалыматта учурда Финпол тарабынан Сарпашевдин мыйзамсыз байыганы туурасындагы иш иликтенип жатканы белгиленет.

«Тергөө учурунда экс-вице-премьер өз ыктыяры менен мурда өзүнө өткөрүп алган жайыт багытындагы 500 гектар жерди мамлекеттин балансына берүү ниетин билдирди. Мындан сырткары, Токтогул районундагы жакын туугандарына катталган 30 гектар сугат жерди кайтарды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бир жуманын аралыгында жогорудагы белгиленген жерлер Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлөрү айтылат.

Финполдун маалымат кызматы сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын белгилеп, иликтөө аягына чыга электигин эскертти.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголуп, кечээ, 30-ноябрда, суракка чакырылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз