Пятница, 17 мая

Коронавирус дагы 371 адамдан аныкталды

0

Бүгүн, 1-декабрга карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын жаңы 371 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 69, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 126, Ош облусунан – 11, Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 36, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 26, Нарын облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 73 178 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 562 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 64 711ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 114, Ош шаарынан – 24, Чүй облусунан – 99, Ош облусунан – 48, Ысык-Көл облусунан – 50, Жалал-Абад облусунан – 109, Баткен облусунан – 68, Нарын облусунан – 11, Талас облусунан – 47.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам каза болду. Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 1. Вирус жана пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 1275ке жетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз