Пятница, 17 мая

Сутка ичинде коронавирус 355 адамдан аныкталды

0

Сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы 355 учур аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 84, Ош шаарынан – 28, Чүй облусунан – 107, Ош облусунан – 35, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 25, Жалал-Абад облусунан – 17, Баткен облусунан – 22, Нарын облусунан – 15 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 73 513 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 478 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 65 189га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 113, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 100, Ош облусунан – 56, Ысык-Көл облусунан – 64, Жалал-Абад облусунан – 66, Баткен облусунан – 47, Нарын облусунан – 7, Талас облусунан – 18.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 2 адам каза болду. Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 1. Коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгондордун жалпы саны 1277ге жетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз