Пятница, 17 мая

Бишкектеги окуучуларды эрте каникулга таратуу пикири сунушталды

0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лесниченко борбор калаадагы мектеп окуучуларын 14-декабрдан тарта каникулга таратууну сунуштады.

Ал мындай сунушун, бүгүн, 2-декабрда өткөн шаардык кеңештин жыйынында билдирген.

«Кышкы каникулду 14-декабрдан тарта баштоо маселесин карап көрбөйлүбү. Эгер балдарды азыр каникулга таратып жиберсек, ата-энелери менен эс алууга шарт түзүлөт. 18-январдан тарта сабактарды офлайн режиминде баштаса болот», — деди Лесниченко.

Ал ошондой эле эгер январда балдар мектепке бара баштаса, аларды жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо керектигин белгиледи.

Жыйынга катышып жаткан мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев офлайн режимине өтүү маселесинин чечилиши Республикалык штаб менен Билим берүү министрлигинен көз каранды экенин айтты.

«Келгиле, Билим берүү министрлигине кайрылалы. Мен ведомствонун жана Республикалык штабдын жетекчилери менен сүйлөшүп көрөйүн. Дезинфекцияга керектелчү акчаны өзүбүз эле табаарбыз. Ачыгын айтсам, коронавирус менен күрөшүүгө 5 миллион сомдой акча катып койгом, ошону колдонсок болот», — деди Түлөбаев.

Буга чейин вице-премьер жана Республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева жакында мектептер менен жогорку окуу жайлар офлайн режимине өтө турганын айткан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз