Пятница, 17 мая

Өзбекстанда мамлекеттик жетекчилер жумасына бир жолу жумушка автоунаасыз келишет

0

Өзбекстанда 1-декабрдан тарта бүтүндөй мамлекеттик органдарга жана уюмдарга, ошондой эле область жетекчилерине жана депутаттарга жумасына бир жолудан кем эмес жумушка автоунаасыз келүү сунушталды. Муну менен алар башкаларга “Жеке үлгү” боло алат.

Өкмөттүн “Калктын сергек жашоосун жана физикалык активдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларын колдоо” токтомуна ылайык, ушул жылдын 1-декабрынан тартып “Жеке үлгү” принцибинин негизинде мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери, ошондой эле областтардын акимдери жана алардын орун басарларынын жумасына бир жолу жумушка кызматтык унааны колдонбостон келип кетүүсү көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары 2021-жылдан тарта 22-сентябрь республика боюнча “Автоунаасыз күн” деп жарыяланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз