Пятница, 17 мая

ЖК Кыргызстан менен БАЭнын соттолгондорду алмашуу келишимин колдоду

0

Жогорку Кеңеш 2-декабрдагы отурумунда соттолгон жарандарды алмашуу тууралуу Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) ортосунда түзүлгөн келишимди колдоду. Парламент депутаттары бул тууралуу мыйзамды 3-окууда карап, макулдугун берди.

Келишим 2019-жылы 12-декабрда ошол мезгилдеги президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмирлигине расмий сапары учурунда түзүлгөн.

Сапардын алкагында Абу-Даби шаарында түзүлүп, кол коюлган. Келишимге ылайык, Бириккен Араб Эмирлигинде соттолгон кыргызстандык жарандар жаза мөөнөтүн мекенинде өтөп жатышат.

Соттолгон жарандарды алмашуу тууралуу Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумда каралган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз