Сутка ичинде коронавирус илдетин жуктурган жаңы 420 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 179, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 112, Ош облусунан – 26, Талас облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 35, Жалал-Абад облусунан – 15, Баткен облусунан – 28, Нарын облусунан – 4 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 73 933 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 400 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 65 589га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 99, Ош шаарынан – 55, Чүй облусунан – 86, Ош облусунан – 21, Ысык-Көл облусунан – 35, Жалал-Абад облусунан – 50, Баткен облусунан – 37, Нарын облусунан – 12, Талас облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам каза болду. Бишкек шаарынан – 3, Ош облусунан – 1. Коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 1281ге жетти.