Воскресенье, 19 мая

Садыр Жапаров кол топтоо баракчасын БШКга тапшырды

0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кол топтоо баракчасын Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда президенттикке талапкерлердин эл арасынан кол топтоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлер 30 миңден 60 миңге чейин шайлоочулардын колун топтоп, 3-декабрда саат 23:59га чейин БШКга тапшырышы керек.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз