Воскресенье, 19 мая

Президент болууну каалаган 6 талапкер документтерин кайтарып алды

0

Президенттикке талапкерлердин арасынан дагы алты киши өз документтерин кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Бүгүн 23:59га чейин кол топтоо баракчасы менен шайлоо күрөөсүн тапшыруунун акыркы мөөнөтү. 14 киши бир миллион сомдон шайлоо күрөөсүн төктү. Ал эми кол топтоо кагаздарын беш талапкер тапшырды.

Күндүз шайлоо жарышынан эки киши четтегени айтылган. Эми алардын катарына Арсланбек Малиев, Турсунбай Бакир уулу, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бакытбек Жумагулов жана Жамбыл Камчиев кошулду. Ошондо азыр 37 талапкер калды.

Эртеңден тарта 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баяны жазылган анкетаны толтурушат. 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттоого алат. Ал эми 7-январга чейин талапкердин шайлоодон баш тартуу укугу бар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз