Воскресенье, 19 мая

21 талапкер кол топтоо баракчаларын БШКга тапшырды

0

3-декабрда саат 23:59да кол топтоо баракчасын кабыл алуу жана Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсүн төгүү мөөнөтү аяктады. Ушул убакка чейин 21 талапкер кол топтоо баракчаларын, 1 миллион сом күрөө тапшырганы белгилүү болду.

Клара Сооронкулова – 33 458;
Аймен Касенов — 46 270;
Бабыржан Толбаев — 59029;
Адахан Мадумаров — 39 856 ;
Садыр Жапаров — 59 998;
Равшан Жээнбеков — 39 874 ;
Рашид Тагаев – 40 651;
Элдар Абакиров – 43 630;
Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
Курсан Асанов – 43 864;
Бактыбек Калмаматов – 35 300;
Мыктыбек Арстанбек – 33083;
Абдил Сегизбаев – 55 480;
Улукбек Кочкоров – 43 804;
Кубан Чороев – 39 053;
Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
Канат Исаев – 38 987;
Каныбек Иманалиев – 35 658;
Имамидин Ташов – 35 493 шайлоочунун колун чогулткан.

Ал эми чогулткан кол тамгасы БШК бекиткен чекке жетпей, 15 033 болуп калган саясатчы С. Ибраев жарыштан четтетилди.

БШК кол тамгалардын аныктыгын текшерет. 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттоодон өткөрөт. Шайлоо өнөктүгү 15-декабрда саат 08:00дө башталат, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз