Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 3-4-декабрда «Ковид-19» саммитин өткөрөт.
Дүйнө лидерлери онлайн режимде катыша турган бул саммитте коронавирус (Ковид-19) пандемиясы, пандемияга каршы күрөш, эмдөө жана социалдык-экономикалык калыбына келтирүү маселелери талкууланат.
Саммиттин экинчи күнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) директору Тедрос Аданом Гебреисус презентация жасайт.
Жеке сектордун өкүлдөрү, жарандык коомдук уюмдар, Ковид-19га каршы вакциналарды иштеп чыгуучу илимпоздор жана фармацевтикалык компаниялар катыша турган саммитте 50дөн ашуун мамлекет башчылары, 39 өкмөт башчылары жана 40ка жакын министрлердин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.