«Реформа» партиясы 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) төккөн 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда.
Партия муну добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы, шайлоо жараяны аягына чыкпай калганы менен түшүндүрдү.
«Реформачылар» ушул өтүнүч менен БШКга кайрылган. Боршайком 28-ноябрда аны аткаруудан расмий баш тарткан.
Аталган партия шайлоодо ат салышуу үчүн 5 миллион сом күрөөнү краудфандинг жолу менен, тагыраагы колдоочуларынан топтогон. «Эгер БШК каражатты берсе, ар бир сомду ээлерине кайтарабыз»,- деп жазылган «Реформанын» кайрылуусунда.
БШКнын расмий маалыматына ылайык, «Реформа» партиясы 4-октябрдагы жарандардын 2% жетпеген добушун алган.
Кыргызстандын шайлоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык, парламентке барууга ат салышкан партиялар алдын ала 5 миллион сом күрөөнү БШКга берүүгө тийиш. Утуп чыккандарына, башкача айтканда мурдагы эрежеге ылайык 7% ашуун добуш алган партияга күрөө кайтарылат.