Конституциялык кеңешме аткаруу бийлигинин бардык бутактары үчүн жоопкерчиликти президентке жүктөөнү сунуш кылууда.
Бул тууралуу Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү Болот Токтобаев 4-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:
«Логика боюнча президенттик башкаруу формасы болуп жаткандан кийин президент аткаруу бийлигин башкарат деген нерсе бар. Аткаруу бийлигине министрлер, өкмөттөн тышкары жергиликтүү органдар жана башка бийлик органдары кирет. Президент аткаруу бийлигинин башчысы болот. Өкмөт башчы деле бар болот, бирок аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин президент өзүнө алат. Ар кандай сунуштар болгон. Премьерди калтыралы дешти. 30 жылдын ичинде 30дан ашык премьер-министр кетпедиби. Анткени жоопкерчиликтин баарын премьерге түртүп салышчу. Эми өкмөт башчы деп Баш мыйзамга киргизүүнү караштырып жатабыз. Бирок дагы бир жолу кайталай кетейин, аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин президент алат. Бул боюнча беш пункттан турган берене бар эле, биз алтынчы пунктка «президенттин жеке жоопкерчилиги» деп кошуп койдук».
Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда түзүлүп, ишин баштаган. Ага коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоорун талкуулоо милдети жүктөлгөн.
Ага чейин, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.
Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул — диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.
Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.
Мыйзам долбоор шашылыш түрдө Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан депутаттар ага добуш берген жок.