Адам укуктары боюнча Араб уюму (AOHR) Франциянын ондогон мечиттерине текшерүү жүргүзүү чечимин сындады.
Уюм Франциядагы мусулмандарга жасалган басым диний катмарды жек көрүүнү күчөтүп, бүтүндөй Европанын социалдык коопсуздугуна жана дүйнөгө коркунуч жаратаарын эскертти.
AOHR Франция өкмөтүнүн мусулмандарга жасаган катаал саясатына каршы Евробиримдикти унчукпай калбастан чара көрүүгө чакырды.
Алар 16-октябрдан бери Франция өкмөтүнүн мусулмандарды камакка алуу иш-чараларын уюштуруп жаткандагын эскертти. Бул иш-чаранын алкагында Париж 20дан ашуун мечиттерди жана мекемелерди жабуу чечимин кабыл алган.
AOHR мындай көрүнүштүн башка өлкөлөрдө да Францияны жек көрүүнү күчөткөндүгүн белгиледи.
Учурда Францияда 76 мечитке текшерүү жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманен билдирүү жасады.
Буга чейин Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманен полициянын 76 мечитке текшерүү жүргүзүлөөрүн жана алардын бир бөлүгү жабылаарын билдирген болчу.
Дарманен өзүнүн социалдык баракчасында мечиттерди текшерүү анын жеке көрсөтмөсү менен жүзөгө ашырыла тургандыгын жазган.
Le Figaro жергиликтүү гезитине берген маалыматында Дарманен Парижде жана анын айланасында жайгашкан 16 мечиттин, жалпысынан 18 мечиттин жабылаары талкууланып жаткандыгын кабарлаган.
16-октябрдагы Самуэль Патинин өлтүрүлүшүнөн кийин француз бийлиги мусулман коомчулугуна жана мечиттерге текшерүү жүргүзө баштаган.