Кыргызстанда бир суткада коронавирус 293 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 121 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 63, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 30, Баткен облусунда 12 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 407 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 121, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 103, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 60, Баткен облусунда 50 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду: Бишкекте – 1, Чүй облусунда – 1 киши.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 9, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 980 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 679 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67 миң 400 киши айыгып чыкса, 1 миң 297 адам каза болду.