Суббота, 18 мая

Индияда белгисиз ооруу катталды. Бир адам каза болду

0

Индиянын Андхра-Прадеш штатында 350дөн ашуун адам белгисиз илдеттин чыгышына байланыштуу ооруканага жаткырылды, бир адам каза болду.

ООруудан жабыркаган бейтаптар баш айлануу менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, алар күтүүсүздөн эсинен танып, оозунан көбүк чыгып, титиреп жаткандыгын дарыгерлерге айтышкан.

Дарыгерлер канды анализдеп, мээнин компьютердик томографиясын жүргүзүшсө дагы, күтүүсүз оорунун себебин аныктай алышкан жок. Дарыгерлердин айтымында, болжол менен 160 адам дарыланууда, 180ден ашууну үйүнө чыгарылды.

“Жабыркагандардын көпчүлүгү айыгып кетишти, калгандары туруктуу. Биз Виджаявадагы борбордук мамлекеттик ооруканага бейтаптарды өткөрүп берүү үчүн 50 керебет даярдадык. Биздин медициналык топтор ар бир бейтапка кам көрүшөт” – деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары А.Шринивас.

Ошондой эле, оорунун себебин аныктоо үчүн шаарга дарыгерлер тобу жөнөтүлгөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз