Кыргызстандыктарга акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.
Анын айтымында, калкка акысыз укуктук кеңеш берүү декадасы 30-ноябрдан 5-декабрга чейин созулду.
«Юстиция министрлиги көрсөткөн акысыз укуктук жардамды алдын ала маалымат боюнча 4 миңден ашык жаран алды. Быйыл пандемияга байланыштуу юридикалык жардамды онлайн түрдө да алгандар болду. Жардамды эң көп Бишкек шаарынын тургундары алышты. Борбор калаада жарандар жалпысынан мурас, мүлк, үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылса, аймактарда болсо жер, социалдык камсыздоо (пенсия, жөлөкпул), документ алууга (паспорт, айдоочулук күбөлүк) байланыштуу укуктук жардам алды», — дейт ал.
Калбеков белгилегендей, акысыз укуктук жардам Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарга да көрсөтүлдү.
«Декаданын жүрүшүндө 100дөн ашык адам адвокат менен камсыздалды», — деди Калбеков.