Пятница, 22 ноября

Өлкөдө 1843 мектепте салттуу режимде билим берүү улантыла баштады

0

Кечээтен баштап Кыргызстандын 1 843 мектебинде реалдуу режимде окуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, билим берүү мекемелерин ачууда ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынган. Окуучусу көп мектептерде 1-класстарга гана уруксат берилсе, балдар аз билим берүү жайларында 1-6, 9, 11-класстар салттуу режимге өтүшкөн.

Алар:

401 мектепте 1-класстар;

610 мектепте 1-11-класстар;

107 мектепте 1, 11-класстар;

30 мектепте 1-4-класстар;

12 мектепте 1-6-класстар;

12 мектепте 1-9-класстар;

9 мектепте 1, 5, 9-класстар;

21 мектепте 1, 9, 11-класстар;

89 мектепте 1-6, 9, 11-класстар;

183 мектепте 1-5, 9, 11-класстар;

73 мектепте 1-4, 9, 11-класстар;

294 мектепте 1, 5, 9, 11-класстар;

3 мектепте 1, 2, 9, 10, 11-класстар окуп жатышат.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2 152 мектеп бар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз