Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарынын бир нече жүз жашоочусунун табышмактуу оорусу коронавирус пандемиясына байланыштуу эмес. Бул тууралуу орус басылмасы“РИА Новости” жазып чыкты.
Белгилей кетсек, Индияда өткөн жекшембиде шаарда жана анын тегерегинде белгисиз илдет башталган. Оорунун айынан бир адам каза тапкан. Жуктуруп алгандардын жалпы саны буга чейин 300дөн ашык болсо, бүгүнкү күндө 800 адамдан ашты. Оорунун белгилери: баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эстен тануу, оозунан көбүк пайда болуу жана калтыроо. Жергиликтүү бийлик белгисиз оору адамдан адамга жукпайт деп айтууда.
Мамлекет дагы эле оорунун себебин аныктоого аракет кылууда. Вирусту жуктуруп алгандар компьютердик томографиядан өтүп, коронавируска анализ тапшырышкан, бирок оорунун COVID-19 менен байланышы жок болгон.