Кыргызстанда коронавируска тест-системанын запасы 2,5 айга жетет. Бул тууралуу Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 14 вирусологиялык лаборатория иштеп жатат. Анда 19 ПЦР-аппарат бар. Мындан сырткары, келишимдин негизинде дагы төрт жеке менчик лаборатория COVID-19ду аныктоого жардам берүүдө. Алар: Бонецкий, AQUA, «Гемодез», «Интермедикал».