Пятница, 17 мая

Парламент референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

0

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Мирлан Бакиров 62 депутат каттоодон өткөнүн билдирген. Алардын ичинен долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтуусунда, «Референдум тууралуу мыйзам долбоору» тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш:

«Бизде бир дагы жол-жобосу сакталган жок. Дагы бир нерсе, мыйзамдагы сунушталган мамлекеттик башкаруунун формасы туура берилген эмес. Аткаруу бийлигин уюштуруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакшылап окуп алгыла. Президенттик, парламенттик башкаруу формасы деген жок. Мындай референдумду эч ким тааныбайт. Мамлекеттик башкаруу деген таптакыр башка. Маселе так, ачык болушу керек. Элдин башы айланып калды», — деди Өмүрбек Текебаев.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз