Понедельник, 6 мая

Асылбек Жээнбеков өлкөдө бийлик алмашкандан бери биринчи жолу бүгүн парламенттик жыйынга катышты

0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында 10-январда мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоору каралды. Жыйынга экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков дагы катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Асылбек Жээнбеков өлкөдө бийлик алмашкандан бери парламент жыйындарына катышкан эмес. Бүгүн ал алгач эл алдына чыгып, мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу үчүн добуш берди. Добуш бергенден көп өтпөй Асылбек Жээнбеков залдан чыгып кетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз