Пятница, 17 мая

 Аргентинада легендарлуу футболчу Диего Марадонанын сүрөтүн банкнотторго басуу пландалууда

0

Аргентина дүйнө жүзүнө белгилүү жылдыз футболчу Диего Марадонанын сүрөтүн жаңы чыга турган банкнотторго басууну пландап жатат.

Сенатор Норма Дуранго тарабынан парламентке  берилген сунушта маркумдун сүрөтүнүн жаңы чыга турган 1000 песолук банкноттордо жана эстелик маркаларда орун алышы сунуш кылынды.

Аргентина басылмаларына чыккан кабарларга караганда банкноттун алдыңкы бетинде Диего Марадонанын портрети, арткы бетинде болсо Аргентина 1986 —  жылы жеңишке жетишкен ФИФА дүйнөлүк кубогунда Британияга киргизген экинчи голунун сүрөттөлүшү пландалууда.

Бул тууралуу маалымат берген Дуранго : «Бул сунуштун бир гана максаты кумирибизди таанытуу эмес. Экономикалык жактан да киреше алууну максат кылуудабыз. Аргентинага келген турист  жанында Марадонаны алып кетүүнү каалайт»,- деди. Сунуш тууралуу чечимдин жаңы жылдын биринчи жарымында кабыл алынышы күтүлүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз