Понедельник, 6 мая

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өтүп жатат

0

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында парламенттин алтынчы чакырылышын таратуу талабы менен митинг өтүп жатат.

Активисттер бүгүн эртең менен «шылдың килемин» төшөп коюшкан. Акция уюштургандар имараттын чыгыш жактагы кире беришинде эки тарапка тизилип, жумушка келген депутаттарды тосуп алышууда.

Акцияга чыккандар эл өкүлдөрүнөн Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум дайындоо демилгесин кайтарып алышын талап кылып жатышат. Эскерте кетсек, тиешелүү мыйзам долбоору кечээ биринчи окууда кабл алынган.

Бүгүн депутаттар аны экинчи окууда карамакчы.

Референдумду 10-январда өтүүчү президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү пландалып жатат. Анда кыргызстандыктарга башкаруунун парламенттик же президенттик формасын тандоо сунушталууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз