Вторник, 23 апреля

Сутка ичинде коронавирус 379 адамдан табылды

0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 379 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 120 адамдан, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 81, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 15 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 527 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 140, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 104, Ош облусунда – 36, Талас облусунда – 21, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 41, Жалал-Абад облусунда – 86, Баткен облусунда 72 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 305 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 41 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 719 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 76 миң 391 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 68 миң 894 киши айыгып чыкса, 1 миң 306 адам каза болду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз